Биз менен байланышыңыз

«ПолитКлиника» медиасынын кеңсеси каракталды

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 678 | 0

2-марттан 3-мартка караган түнү белгисиз бирөөлөр «ПолитКлиника» медиасынын кеңсесин тинтип кетишти. Редакция кызматкерлери аны эртең менен жумушка келгенде көрүп, милицияга кабар беришкен.

Бул тууралуу башкы редактору Дилбар Алимова өзүнүн » Фейсбук» баракчасына жазды.

«Урматтуу достор! Бүгүн түндө биздин офиске белгисиз бирөөлөр кирип, тинтип кетиптир. Кызыгы, кымбат баалуу техникаларга тийген эмес, кагаздар чачылып, журналисттердин блокноттору, бир хард дискти алып кеткен. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жаздык», — деп жазды Алимова.

Кеңсенин терезесинин тор темирин талкалап киришкен. Андан кийин офистин ичиндеги эшиктерди талкалап, бөлмөлөргө кирип, иш кагаздарды, шкафтарды, текчелерди текшеришкен. Ал эми сырткы эки эшик бекилүү бойдон турган. Кирген кишилер кайра терезенин сындырып кирген тор темири аркылуу чыгып кетишкен. Калган бөлмөлөрдүн терезелери да ачык калган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу келип, иликтөө иштерин жүргүзүп кетишкен.

Кеңседен баалуу эч нерсе жоголбогону белгилүү болду. Компьютерлер, ноутбук, фотоаппараттар жана башка техниканын, буюмдардын баары — өз ордунда. Жумушчу материалдар, кагаздар, жумушчу блокнот, жумушчу китепчелер, хард диск жоголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM