Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тилин окутууну санариптик муунга адаптациялоо маселеси талкууланды

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 1370 | 0

21-апрелде «Ала-Тоо» эл аралык университетинде «Кыргыз тили жана адабиятын окутууну санариптик муунга адаптациялоо» аталышында талкуу болду.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил боюнча бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Ибраимова, Бишкектеги бир канча жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча  жооптуу кызматкерлери, окутуучулары катышты.

Анда жогорку окуу жайлар арасында кыргыз тили жана адабияты предметин окуткан окутуучулардын биригип иштеши керектиги, санариптик доордо кыргыз тили жана адабияты боюнча жаңы усулдарды жайылтуу, кыргыз тили боюнча санариптик окутуу борборун түзүү, республикалык масштабда кыргыз тили жана адабияты боюнча онлайн китепкана түзүү тууралуу сунуштар айтылды.

«Ала-Тоо» эл аралык университетинде студенттер төрт  тилди үйрөнүшөт. Анын ичинде мамлекеттик сабак катары кыргыз тили жана адабият предмети бакалавр программасында 8 кредит менен  окутулат.

Тегерек столдун катышуучулары «Ала-Тоо» университетинин кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча практикада колдонуп жаткан жаңы усулдарын башка жогорку окуу жайларга, коомчулукка жайылтуу керектигин айтышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM