Биз менен байланышыңыз

21-апрелге карата аба ырайы

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 594 | 0

Кыргызгмдромет билдиргендей, эртең, 21-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Күндүз дээрлик бардык аймактарда жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат, кээ бир райондордо ылдымдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +4 … +9;

Талас облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +3 … +8;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7 … +12, күндүз +9 … +14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +9 … +14;

Нарын облусунда түнкүсүн 0 … 5, күндүз +9 … +14 салкын болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6°.

21-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +4 … +9, күндүз +4 … +9 градус жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM