Биз менен байланышыңыз

Жээнчороев: Бурулай менен Айзаданын ишинде мыйзам тоскоолдук болгон эмес

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 721 | 0

Депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчету угулуп жатканда, 2019-жылы кабыл алынган жаңы Кодекстер тууралуу айтылгандарга жооп берди.

Анын пикиринде, жакында эле ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданы издөөдө милициянын ишине мыйзамдар тосколдук кылган эмес. Уурдалган кызды убагында табууга милициянын ыйгарым укугу жетмек.

«Бурулай менен Айзаданын ишинде мыйзам тоскоолдук кылган эмес. «Колду-бутту бууду, биз таба албай койдук» деген — курулай актануу. Эгер бийликке сын-пикир айтып көрчү, кайда жүргөнүңдү беш мүнөттө табышат. Же болбосо укук коргоо органдарынын жетекчисине сын айтып көрчү, ким менен сүйлөшүп, ким менен баарлашып турганыңды 7 мүнөттө таап чыгышат. Аны биз билебиз. Ошондуктан ыкчам кызматтарды кабыл алганга мыйзам жол берет. Жабырлануучу тараптын арызы турат, аны өз убагында тергөө судьясына берсе, ыкчам иштерди кылууга болмок», — дейт депутат Мирлан Жээнчороев.

5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болду. Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүргөнү жана өзүнө да бычак сайып мерт кеткени аныкталды.

Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапты. Бул окуя коомчулукта өтө чоң нааразылык жаратып, Ички иштер министринин отставкасын талап кылган эл митингге чыгышууда.

Мындан 3 жыл мурун 19 жаштагы Бурулай өзүн ала качкан бала тарабынан өлтүрүлгөн.

Айзаданын аянычтуу өлүмү. Кайдыгерликтин кесепети

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM