Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад. Ташиев Ташкент менен кайра сүйлөшүү жүргүзөт

Коом , Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 1115 | 0

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга бериле турган 50 гектарды 20га азайтуу аракетин көрүүгө убада берди. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 19-апрелде Кемпир-Абаддын жанынан 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан тургундар менен жолугушту. Жергиликтүү калк Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылына чогулушкан.

Алар үч күн мурун боз үй тигип, нөөмөт менен күзөттө турушуп, 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө нааразылык билдирип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышты.

Бүгүн УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев эл менен жолугушуу өткөрүп, элдин алдында сүйлөп жатып, жер сатылып кеткени жөнүндө чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырды.

— Биз эч качан бир сотых же бир метр жерди берген эмеспиз, бербейбиз дагы. Тигил жакты, бул жакты сатып жиберди деп ар кандай жаман сөздөрдү таратып жатышат. Эптеп жамандап калайын дегендерге ушул жерде бетиңерге карап айтайын, туура эмес кыласыңар. Төрт-беш адам чогулуп, тууну коюп алып, жерибизди коргоп жатабыз дейсиңер, андай болбойт. 

Чогулган эл Камчыбек Ташиевдин айткандарын уккандан кийин Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстанга берүү боюнча протоколго өзгөртүү киргизүүнү талап кылышты. Ынтымак айылынын тургундары көйгөйдү айтып чыккандар чагымчылдар эмес, жергиликтүү тургундар экенин айтышты.

— Кичинекей бала да колундагы токочун алып койсо, бер деп ыйлайт. Мына биз дагы ушул жерибизди бергибиз келбей отурабыз. Бул жакка малыбызды чыгарабыз, көрүп турасыз, ушул жерде жан сактайт булар. Сиз бизди албаңыз, туурасын айтыңыз, канча гектар жер өтөт? Бизди провокатор дебеңиз, биз баарыбыз ушул айылдын тургундарыбыз. 

Камчыбек Ташиев айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, талкуу жараткан 50 гектар жер боюнча Ташкентке кайра барып протоколду карап чыгууга убада берди.

— Эми мындай кылсак болот. Силерге ачык эле айтайын, ушул тосуп алган жерини 20 гектарга алмашалы деп айтып көрөйүн, 50 эмес, 20 гектарга. Себеби буларга баары бир плотинанын коопсуздугу үчүн керек.

26-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйында Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстандын башкаруусуна өткөнүн айткан. Эки өлкө суу сактагычтын плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланмай болушкан. Мындай протоколго Ташкент шаарында өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кол коюлган.

Прокотолго ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелери боюнча бардык маселелер алмашуу принциби менен такталганы айтылган.

Мисалы, «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шарихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылган.

Copyright © 2017 Maral FM