Биз менен байланышыңыз

Баткен: «Головнойго» тажиктер көз арта баштады

Коом , Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 3832 | 0

Баткендин Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайга тажиктер көз арта баштады.

Мындан эки күн мурун Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайда чыр чыккан. Анда Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан кезде Тажикстандын чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

Чыр чыккан жерге тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери барып, сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Учурда абал тынч.

Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайда буга чейин коңшу тажиктер менен эч кандай маселе жаралган эмес. Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун парламенттин жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин коңшулар ортосунда талаш жаралып баштаган. Мындай маалыматты «Маралга» жарандык активист Элбек Хабибуллаев кабарлады.

— Төрт-Гүл суу сактагычында «Головной» деген суу бөлүштүрүүчү жай бар. Буга чейин тажик тарап ал жерди талашып же атаандашып келген эмес. Жогорку Кеңеште биздин өкмөт башчы Улукбек Мариповдун айткан сөзүнөн кийин тажик тараптын жалпыга маалымдоо каражаттары «Головной» деген жер биздин жер экен деп, көбүрөөк талаша баштады.

17-апрелде ошол жерде кыргызстандыктар оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда тажиктер келип, чуу салышкан. Бирок ал жер толугу менен Кыргызстандыкы. Буга чейин кыргызстандыктар үйлөнүү тоюнда ошол жерге барып сүрөткө түшүп, ээн-эркин басып жүрүшкөн.

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында премьер-министр Улукбек Мариповдун Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча айткан сөзү коомчулуктун нааразылыгын пайда кылган. Анда Марипов: «Суу сактагычка куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз», — деген.

Андан соң парламенттин 4-февралдагы жыйынында да суу сактагыч боюнча айтылган маалыматты тез арада териштирүү маселеси көтөрүлгөн.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын айтымында, чек ара маселерин чагымчыл күчтөр башка максатта пайдаланып кетип жатат.

— Баткен облусунда чек арадагы кырдаалды курчутуп, андан өз кызыкчылыгын ишке ашырууну каалаган күчтөр, аткезчилик менен алектенген жарандар, аткезчилерди буга чейин калкалаган чиновниктер, кызмат абалынан кабатыр болгон жетекчилер экени аныкталууда. Алар социалдык тармактар аркылуу облус бийлигинин дарегине каршы пикирлерди жарыялап, коомчулуктун нааразычылыгын жаратууну көздөшүүдө.

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин Өкмөттөр аралык комиссия чечет жана акыркы чечимди өлкө башчысы, Жогорку Кеңеш кабыл алат. Ошондуктан облустук бийлик чек араны тактоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссияга ар дайым аймактын кызыкчылыгын эске алуу менен атайын сунуштарын берип келет.

УКМКнын маалыматы боюнча «Головнойдун» жанындагы Кыргызстанга таандык жер кыргыз аскерлери тарабынан кайтарылат.

Мындан 7 жыл мурда 2014-жылы аталган башкы суу бөлүштүрүүчү жайда эки тарап кагылышып, согуштук оор техникалар колдонулуп, жараат алгандар болгон.

Мындай учурдан пайдаланып, чагымчыл маанидеги маалыматтардын тарашына жана Баткен облусунун чек аралаш аймактарында кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр бар экендиги айтылат.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдин маалыматы боюнча, башкы суу бөлүштүрүүчү жайда суу Кыргызстандын аймагында чогулат. Кыргыз тарап 52 пайызын алууга укугу бар, тажиктер 48 пайыз алса болот.

Айбалаев губернатор болуп турганда 1992-1993-жылдары Тажикстанда жарандык согуш болуп, абал курчуган. Анда суу катуу кайтарууга алынып, сактап калышкан.

— Бул маселени дипломатиялык жол менен эле чечүү керек болчу. Кыргыз тараптан Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү, тажик тараптан Ленинабад облусунун өкүлү жолугушуп, сүйлөшүп алса жакшы болмок. Чек ара маселесин күч менен чече албайбыз.

Бүгүн ойлонбой сүйлөп, маселенин чечилишин оорлоштуруп коюшту.

Ак-Татыр айыл өкмөтү, Самаркандек айыл өкмөтү сууну Мачайи айылы аркылуу алат, канал Мачайи менен өтөт. Тажиктер ошол жерде дайыма тоскоолдук жаратышат. Ошол себептен Самаркандекке суу жетпейт, бир топ бак кургап кеткен. Бул маселе 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан.

Маселени чечүүгө рычагдар бар. Жетекчилер маани бербей жатабы, же түшүнбөй жатабы, билбейм.

Кыргызстанда 60 миңге жакын тажик эли жашайт. Өлкө эгемендик алгандан бери чек ара маселесин чечүүдө тажиктерге да, өзбектерге да уттуруп келе жатканын талдоочулар айтышат.

Жарандык активист Элбек Хабибуллаев бийликтин чек ара маселесин чечүүдөгү аракетин мындай баалайт:

— Биздин чек ара боюнча мамлекеттик саясатыбыз жакшы болбой жатат, муну моюнга алышыбыз керек. Себеби азыр Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоону бир учурда баштап алганбыз. Өзбекстан менен тактоону үч айдын ичинде бүтүрүшүбүз керек деп шашмалык кылып жатабыз. Өзбекстан менен толук кандуу достук мамиледе болгондуктан эконмикалык алаканы күчөтүп, чек араны тактоону кийинки убакытка калтырса да болот. Жер алмашуулар боюнча бийликтин аракетин ойлонулбаган кадам деп баалайм. Мындан тышкары, биздин мамлекет маалыматтык саясат жагынан да уттуруп жатат. 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган.

9-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавында иш сапары менен болгон. Анда ал жергиликтүү калк менен жолугушуп, Ворухту Кыргызстандын башка аймагына алмашуу тууралуу сөз болбогонун жана болушу да мүмкүн эместигин айткан.

Ошондой эле Рахмон кыргыз тарап менен чек ара боюнча 19 жыл аралыгында 100 жолугушуу өткөнүн, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча расмий Дүйшөмбү 2016-жылы ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, бирок кыргыз тарап белгисиз себептерден муну артка жылдырып келе жатканын маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM