Биз менен байланышыңыз

Францияда «AstraZeneca» вакцинасын алган 8 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 786 | 0

Францияда коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын алган соң, тромбоз илдети пайда болуп, сегиз адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Дары каражаттарынын коопсуздугу боюнча улуттук агенттик маалымдаган.

8-апрель күнкү маалыматка караганда, бул өлкөдө 2,72 миллион адам «AstraZeneca» вакцинасы менен эмделген.

Эмдөө башталгандан бери вакцина алгандардын арасынан 23 адамда тромбоз пайда болуп, анын 8и көз жумган.

Францияда аталган препаратты 55 жаштан улуу муундагыларга колдонууга уруксат берилген.

Кыргызстанга коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасы келет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM