Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Коронавирустун жайылышы жогорку чекке жакындады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 978 | 0

Коронавирустун дүйнө боюнча жайылуу тездиги пандемиянын эң жогорку көрсөткүчүнө жакындады. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.

Анын айтымында, дүйнө боюнча COVID-19дун жугушу жана аталган оорудан каза болгондордун саны өсүүдө.

«Дүйнөдө жумалык жаңы ооруну жуктургандардын саны акыркы эки айда эки эсеге көбөйдү жана биз буга чейин көргөн инфекциянын жогорку көрсөткүчүнө жакындап калды», — дейт Гебрейесус.

Соңку маалыматтарга караганда, дүйнөдө COVID-19 вирустук инфекциясын 139 миллион 214 миң 611 адам жуктуруп алган.

ДССУ: Вакциналардын 87%дан ашыгы бай өлкөлөрдүн карамагында

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM