Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн убадасы: ПЧР-тесттин баасы арзандай элек

Ден соолук , Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 12593 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өткөргөн кеңешменин алкагында өлкө аймактарындагы эпидемиялык абал, ооруканаларды дары-дармек, медициналык кызматкерлер, жабдуулар менен камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Артём Новиков өз сөзүндө коронавируска чалдыккандардын саны, айрыкча, Бишкек шаары менен Чүй облусунда күчөп жатканын айтып, коопсуздук чараларын күчөтүүгө, дары-дармек, меджабдуулардын запасын жеткиликтүү камдоого саламаттыкты сактоо тармагын чакырды. Маалым болгондой, жеке менчик лабораториялардагы ПЧР-тестирлөөнүн баасын 30%га, же 2300 сомдон 1600 сомго чейин түшүрүү боюнча макулдашылган.

«Бүгүнкү күндө жеке лабораториялардагы ПЧР-тестирлөөнүн баасын 30%га, же 2300 сомдон 1600 сомго чейин төмөндөтүү тууралуу макулдашылды. Анын алкагында айрым медборборлордо калк үчүн компьютердик томографиянын, санариптик R-графия тейлөөсүнүн наркы 20%га чейин төмөндөтүлөт. Буга байланыштуу калкты тейлөө үчүн жеке борборлордогу күнү-түнү күзөт аныкталган. Ага катар жакынкы айларга карай COVID-19га чалдыккандарды дарылоого керектүү дары-дармек арзандатылып, бирдей баада сатылышына кам көрүлөт», — деп билдирген Новиков.

Кенен маалымат алуу максатында 3 жеке лаборатория менен байланышып көрдүк. Баары бир ооздон мындан кабары жок экенин билдиришти. Алардын айтымында, буга чейин ПЧР-тесттин баасы 1700 сом болгон, азыр да ушул бойдон сакталып турат, эч кандай арзандатуу каралган эмес.

«ПЧР-анализдин баасы 1600 сом жана биоматериал үчүн 100 сом, чогуу 1700 сом болот. Ал эми арзандатуулар бар, 25 жашка чейинкилерге жана 55 жаштан улууларга 5% арзандатуу каралган. Башынан бери ПЧР-анализдин баасы 1700 сом болуп келген. Биринчи-вице-премьер-министр айткан арзандатуу боюнча бизде маалымат жок экен. Белгилүү болгондо бейтаптарды кабардар кылабыз», — деди жеке лабораториянын кызматкери.

Бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лаборатория борборунун башчысы Айгүл Жумакановага кайрылдык. Ал өткөн жумада министрдин орун басары 3 жеке лабораториянын жетекчилери менен жолугушуп, бааларды арзандатууга макулдашканын маалымдады. Жумаканова айтылган маалыматты четке кагып, лабораториялар алгач 1700 сомго төмөндөтүп, кийин 1600 сомго чейин түшүрөрүн билдирди. Ошондой эле ал биринчи ирет 3 миң сомго жакын болчу, азыр арзандатып келип 1700гө түштү деп кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө «Бонецкий», «AquaLab» жана «Гемотест» медициналык борборлорунун жетекчилери менен бааларды арзандатууга макулдашуу болгон. Жаңы башталган жеке лабораторияларда ПЧР-тесттин баасы 3 миң сомго чейин болчу, кийин төмөндөп, биринчи ирет азыр 1700 сом болуп жатат, бир аздан кийин 1600 сомго түшөт», — деди Жумаканова.

Саламаттыкты сактоо тармагында дагы бир өзгөрүү — Өкмөт «Дары-дармекти жана медициналык буюмдарды Кыргызстандан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтом кабыл алды. Ага премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Токтомго ылайык, 6 айга чейин дары-дармекти, медициналык каражатты Кыргызстандан экспорттоого тыюу салынат. Аталган токтомго 80 дары-дармек кирди. Бул тууралуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов билдирди. Ал мындай чечимге кайсы жагдай түрткү бергенин айтты.

«Бул дарылар — коронавируска каршы колдононула турган дарылар. Негизи өз жарандарыбызды дары-дармек менен жеткиликтүү камсыз кылуу  максатында кабыл алынды бул токтом. Токтомдун убактысы 6 айга. Эмне себептен дегенде, өзүңүздөр билесиздер, дайыма жаңы инфекция болгондугуна байланыштуу дарылоо ыкмалары өзгөрүлүп турат, кандай жаңы дарыларды колдонуу керек деген сыяктуу жаңы маалыматтар келип турат», — деди Исмаилов.

Дары-дармекти өлкөдөн экспорттоого тыюу салган токтомду башка өлкөлөргө кабарлап коюу милдети Экономика жана финансы министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, ал эми тышка товар чыгарууну тыкыр көзөмөлдөө милдети Мамлекеттик бажы кызматына, Мамлекеттик чек ара кызматына жүктөлгөн. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өкмөттүн аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM