Биз менен байланышыңыз

Түлеев же Төлбаев: Мэр болуу бактысы кимге буйруйт?

Кыска кабар , Саясат | 15 Апр 2021 | 3421 | 1

11-апрелде жергиликтүү кеңештердин, анын ичинен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, алдыңкы орундарды алган партиялардын катарында мурунку чакырылышка шайланган 45 депутаттын 11 кайрадан эл өкүлү болуп келе жатат. Андан тышкары болочок депутаттардын 20га жакыны ишкер чөйрөнүн өкүлү.

Кызыгы, шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга электе эле мэрлик кызмат талашка түштү. Шаардык кеңешке өттү делген «Эмгек», «Ак Бата» жана  КЭДП партияларынын лидерлери көпчүлүк коалицияны бирге куроону, мэрлик кызматка Нариман Түлеевди алып чыгууну макулдашкан.

Жогоруда айтылган жолугушууну Нариман Түлеев «Азаттыкка» берген маегинде да ырастап, үч «үлкөндүн» кездешүүсү шайлоого чейин эле болгонун айтты.

«Мен мэрликке талапкерлигимди коём. Ошондой эле «Эмгек» партиясы менен да кол алыштык, алар менин талпкерлигимди колдойт». 

Ошол эле учурда алдын ала жыйынтыкта шаардык кеңешке 7 мандат алган «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы үгүт учурунда эле калаа башчылыгына Бабур Төлбаевди көрсөтөрүн жар салып чыгышкан. Бул боюнча Бабур Төлбаев өзү төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

«Каолицияга биз да киребиз, биз да өзүбүз уюштурсак болот, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 1-2 күндүн ичинде билинип калат. Негизи шайлоого чейин эле партиядагылар менен сүйлөшүп, анда: «Эгер биз утуп чыгып каолицияны түзгөнгө мүмкүнчүлүк алсак, албетте, биз сени мэр кылабыз» дешкен. Ошон үчүн банерлер, жарнамалар бүт ошондой кеткен». 

11-апрелде жергиликтүү кеңешти шайлоо менен бирге референдум да болуп өтүп, анда элдин басымдуу бөлүгү жаңы Башмыйзам кабыл алууну колдоп беришти. Ал күчүнө киргенден тарта бардык бийлик бутактарын, анын ичинен шаар мэрлерин да президент дайындайт. «Андай болсо, шаардык кеңеш шайлаган калаа башчынын жаңы Конституция күчүнө киргенден кийинки тагдыры кандай болот? Дегеле мэр кантип шайланып, кантип дайындалат?» деген сурообузга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев төмөнкүдөй жооп берди:

«Азыркы иштеп аткан мыйзамда, мэрликке талапкерди фракция, коалиция, анан премьер-министр сунуштай алат. Депуттар сунушталган талапкерлерге добуш берүү аркылуу мэрди тандап алышат. Азыркы Конституция күчүнө кирсе, премьер-министр институту жоюлат. Анын ордуна Министрлер кабинетинин төрагасы болуп калганы жатат. Бул жерде маселе, ыйгарым укуктар өтөбү, өтпөйбү, аны ошол тиешелүү бийлик бутактары карайт. Эгер кандайдыр бир деңгээлде премьер-минстрдин укуктары, ыйгарым укуктары кабминдин башчысына тиешелүү болуп калса, анда анын да сунуштаганга укугу бар болуп калат». 

Ал эми «Ынтымак», «Биздин эл» партиялары бул боюнча бир чечимге келе элек. Айрым партияларда мандат ала турган талапкерлер рейтинг аркылуу аныкталып, аз добуш алгандар ордун көп добуш алган талапкерлерге өткөрүп берери айтылууда. Мыйзам боюнча шайлоодон өткөн партиялар 72 саат ичинде тизмесин кайрадан өзгөртүүгө жол берилет.

Copyright © 2017 Maral FM