Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Кыргызстандагы шайлоо боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1233 | 0

Европа Биримдиги Кыргызстандагы референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу билдирүү жасады.

Биримдиктин айтымында, Конституция боюнча референдум адмиресурсту колдонуу, үгүттөө учурундагы майда мыйзам бузууларга карабастан жакшы деңгээлде уюшкандык менен өткөн.

Евробиримдик Венеция комиссиясы менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоору тууралуу 2021-жылдын 19-мартындагы корутундусун эске алуу зарылдыгын белгилеген. Ал корутундуда сунушталган Башмыйзам кабыл алынса, бийлик бир колго топтолору, тең салмак бузулары айтылган.

Андан сырткары уюм жергиликтүү кеңештерге шайлоо партиялар арасындагы атаандаштык шартында өткөнүн белгилеген. Аялдарга каралган 30% квотаны оң жылыш катары баалаган.

Уюм Кыргызстандагы реформаларга жана көйгөйлөрүн чечүүдө мындан ары да колдоо көрсөтө берерин билдирген.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) маалыматына 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга 200дөй эл аралык байкоочу көз салды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM