Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан позитивдүү чоң өзгөрүүнүн алдында турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Апр 2021 | 1222 | 0

Кыргызстан позитивдүү чоң өзгөрүүнүн алдында турат. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дүйнө, технология, медиа өзгөрүүдө. Президенттерге коомдук, саясий, экономикалык басым күчөп келе жатат. Ушулар өлкөнү чоң өзгөрүүгө алып баратат. 1-2 жылда Кыргызстанда маанилүү, чоң өзгөрүү болот.

Жээнбеков президенттердин чет өлкөлөргө болгон визитинде эч кандай маселе чечилбегенин белгиледи.

Тышкы саясат — ички саясаттын уландысы. Аны ички маселелерди чечүү үчүн жасайт.

«Тышкы саясаттагы өнөктөштөр сөзсүз түрдө өлкөнүн ички саясатына таасир этет. Аларга ревизия жасай турган мезгил келди. Тышкы саясатта Япония, Сингапур, Түштүк Корея, АКШ, Европа менен мамилебизди оңдобой турган болсок, эч кандай өзгөрүү болбойт», — дейт Жээнбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM