Биз менен байланышыңыз

Акыркы айда мигранттардын акча которуусу көбөйдү

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1378 | 0

2021-жылдын февраль айында чет өлкөдөн иштеген кыргызстандык мигранттар 177,1 миллион доллар акча которушту. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Банк белгилегендей, мигранттар февраль айында январга салыштырмалуу 25,6 миллион долларга көп акча которгон.

Ал эми өткөн жылдын февраль айында 2,3 миллион долларга төмөндөгөн.

Сырттан жөнөтүлгөн каражаттын 97 пайызы Орусиядан (319,8 миллион доллар) которулган.

Февраль айында 41,9 миллион доллар Кыргызстандан чыгарылды. Анын көпчүлүгү (40,4 миллион доллар) Орусияга которулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM