Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык кеңешине кимдер депутат болот? Болжолдуу тизме

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 3368 | 0

Кечээ, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Анда Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышкан. Алдын ала жыйынтык боюнча, алты партия 7 пайыздык босогодон өттү.

Автоматтык эсептөөчү урналардагы бюллетендер толугу менен эсептелип бүтүп, Бишкек шаардык кеңешинин курамында алдын ала жыйынтыгында салыштырмалуу бир аз өзгөрүүлөр болду. Маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

АСУ чыгарган жыйынтык боюнча шаардык кеңешке өткөн партиялар менен бөлүнө турган мандаттар:

  • «Эмгек» — 13,87 пайыз (10 мандат);
  • «Ак-Бата» — 12,15 пайыз (9 мандат);
  • НДПК —  10,70 пайыз (8 мандат);
  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 9,63 пайыз (7 мандат);
  • «Ынтымак» — 8,64 пайыз (6 мандат);
  • «Биздин эл» —  7,73 пайыз (5 мандат).

Эгерде депутаттыкка келүү тизмеге ылайык жүргүзүлсө, төмөнкү талапкерлер депутат болору күтүлүүдө:

«Эмгек» партиясынан:

  1. Абиров Жаныбек Болотбекович
  2. Абдраев Базарбек Кошоевич
  3. Абдыгулова Асел Мисировна
  4. Шин Сергей Романович
  5. Иманалиев Бактияр Бейшенбекович
  6. Кенжебаева Светлана Козубаевна
  7. Абдиев Бактыбек Кемелович
  8. Жакышев Русланбек Шергазиевич
  9. Сагыналиева Камилла Бакытовна
  10. Шаршенбай уулу Руслан

«Ак Бата» партиясынан:

  1. Түлеев Нариман Ташболотович
  2. Ситников Максим Валерьевич
  3. Махмудов Улан Алымжанович
  4. Жолдошов Улан Болотович
  5. Шульц Светлана Викторовна
  6. Гайыпов Бектур Абдипаттович
  7. Жапаров Эрнест Самирович
  8. Аллафердова Ирина Анатольевна
  9. Шарыпов Бакыт Сатыбалдыевич

Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынан (НДПК):

  1. Карыпбеков Илим Майрамбекович
  2. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич
  3. Мозгачева Виктория Андреевна
  4. Исмаилов Сайдахмат Аблезович
  5. Коргонбай уулу Жусупбек
  6. Акимжанова Рысгүл Абдыманаповна
  7. Азыгалиев Уланбек Шайлообекович
  8. Урдинов Элдияр Адырбекович

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясына жети мандат:

  1. Төлбаев Бабыржан Латиханович
  2. Жамгырчиев Талантбек Анарбекович
  3. Лисниченко Валентина Михайловна
  4. Аматов Рысбай Аматович
  5. Шейшеев Нурлан Бузурманкулович
  6. Раимбекова Элнура Раимбековна
  7. Бейшенбаев Эдиль Нурбекович

«Ынтымак» партиясынан:

  1. Кыштобаев Айбек Тилекбаевич
  2. Кубанов Нурсултан Кубанович
  3. Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна
  4. Сариев Таалайбек Жолдошбаевич
  5. Эргешов Казыбек Кочкорович
  6. Шарапова Жибек Закировна

«Биздин эл» партиясынан:

  1. Алмаз уулу Аскар
  2. Ибрагимов Болот Адылбекович
  3. Сатбалдиева София-Айдана Саипжановна
  4. Матосмонов Элзар Алтынбекович
  5. Мадьяров Жаныбек Анарбекович

Эскерте кетсек, жогоруда мандаттар боюнча маалымат партиялык тизмеге ылайык берилди. Акыркы чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жарыялайт.

Copyright © 2017 Maral FM