Биз менен байланышыңыз

Эки тилкедеги көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1354 | 0

Бишкекте дагы эки шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, чечим «Клооптун» байкоочуларынын арыздарынын негизинде кабыл алынды.

Буга чейин, шаардагы алты шайлоо тилкесиндеги көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бишкек шаарында көчмө добуш үчүн жалпы 4 миң 990 жарандан арыз түшкөн. 10-апрелде 4 миң 1 шайлоочу добуш берди.

Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча Бишкек шаардык кеңешине алты партия өттү: «Эмгек» (13,87 пайыз), «Ак Бата» (12,15 пайыз), НДПК (10,7 пайыз), «Ата журт Кыргызстан», (9,63 пайыз), «Биздин эл» (7,73 пайыз), «Ынтымак» (8,3 пайыз).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM