Биз менен байланышыңыз

Сузак районунда 300 орундуу мектеп курулат

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1301 | 0

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун каржылоосунда 300 орундуу мектептин курулушу башталат. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн аталган мектепте облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жана фонддун төрагасы Саид Баюми жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, заманбап типтүү мектепте түзүлө турган шарттар боюнча маалымат берди.

Имараттын курулушу жакынкы күндөрү башталып, сентябрь айына бүткөрүү пландалган. Ага чейин окуучуларга билим берүү онлайн форматта улантылат.

Эскерте кетсек, Сузак районундагы Боз-Чычкан айылында жайгашкан №86 Ынтымак мектеби 1990-жылы ашар жолу менен курулган. Азыркы учурда эскилиги жетип, 2016-жылы авариялык абалда деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM