Биз менен байланышыңыз

Бүгүн бир катар өлкөлөрдө президенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1614 | 0

Бүгүн, 11-апрелде Эквадор жана Африканын эки өлкөсү — Чад менен Бенинде президенттик шайлоо өтүп жатат.

Эквадордогу шайлоо

Эквадордо президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. 13 миллиондон ашуун эквадордук шайлоого барып, 1-турдун жеңүүчүлөрүнүн бирин — «Үмүт үчүн» коалициянын талапкери Андрес Араусту жана мурдагы банкир, «KREO кыймылынын» өкүлү Гильермо Лассону тандашы керек.

Эң көп добуш алган талапкер өлкөнүн жаңы президенти болуп, 24-майда кызматына киришет. Эквадордун президенти 4 жылдык мөөнөткө шайланат.

Коомдук пикирди сурамжылоолор көрсөткөндөй, экинчи турда бир да талапкер фаворит боло албайт.

7-февралдагы добуш берүүнүн биринчи айлампасында Араус 37,7 пайыз добуш менен жеңишке жетти. Учурдагы президент Ленин Морено шайлоого катышпоону чечти.

Бениндеги шайлоо

Африкадагы Бенин өлкөсүндө да 11-апрелде президенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоо буга чейинки өкмөткө каршы нааразылыктардан кийин курч кырдаалда өтөрү күтүлүүдө.

Президенттик шайлоого үч талапкер ат салышууда, алардын арасында учурдагы президент Патрис Талон да бар. 62 жаштагы Талон экинчи мөөнөткө шайланып калышы мүмкүн. Ал өзү шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жетем деп ишенет.

Мурунку депутаттар Алассана Суману менен Корентин Коксу да ат салышууда.

Белгилей кетсек, 2016-жылы бийликке келген Талон өлкөдө бир катар ири экономикалык реформаларды жүргүзгөн. Алар Африка өлкөсүндө бизнес-климаттын жакшырышына жана мамлекеттик каржынын консолидациясына алып келди.

Эгерде талапкерлердин бири да 50 пайыздан ашык добуш албаса, анда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.

Бенин — дүйнөдөгү аялуу өлкөлөрдүн бири. Өлкө калкынын 38% жакыр жашайт. Өлкө экономикасынын негизги тармагы айыл чарбасы жана биринчи кезекте пахтачылык.

Чаддагы шайлоо

11-апрелде Африканын дагы бир аялуу өлкөсү Чадда президенттик шайлоо өтөт.

Президенттикке жети талапкер, анын ичинде учурдагы президент, өлкөнү 30 жылдан ашуун башкарган 68 жаштагы Идрис Дебби Итно да катышат. Өлкөдө 7,4 миллиондон ашуун адам добуш берүү укугуна ээ.

Идрис Дебби Итно үчүн бул шайлоо ал 1990-жылдардын аягында төңкөрүш менен бийликке келгенден берки — алтынчы шайлоо. 2018-жылы өлкө жаңы Конституцияны кабыл алып, президенттин ыйгарым укуктарын дагы да бекемдеди. Жаңы Конституция учурдагы президентти мурунку кызмат мөөнөтүнө карабастан, 2033-жылга чейин шайлоого мүмкүнчүлүк берет.

Чадда тарыхта биринчи жолу аял киши президенттикке ат салышарын белгилей кетүү керек. Эгерде талапкерлердин бири да жетиштүү добуш ала албаса, 23-майда экинчи айлампа өтөт.

16,4 миллион калкы бар Чад да — Африкадагы аялуу өлкөлөрдүн бири. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, өлкө калкынын 42 пайызы жакыр жашайт. Жакырчылыктан тышкары, өлкө эл аралык терроризмден жапа чегип келген.

Батыш Африкадагы ИШИМ террордук тобу Чад көлүнүн айланасында активдүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM