Бүгүн 11-апрелде Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаручуу Нургүл Бакирова Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебиндеги № 1019 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору үчүн референдумга добуш берүү өтүп жатат.