Бишкек шаардык кеңешине «Ата журт Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Бабыржан Төлбаев шаардагы № 1213 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз маалымдады.
Төлбаев шайлоо таза жана ачык өтөрүнө ишенерин айтты.
«Ата журт Кыргызстан» партиясы бийликтин партиясы деп айтылган сындарды, ошондой эле добуш сатып алуулар боюнча айтылгандарды четке какты.
«Бизде 6 млн калк бар, ар кимдин пикири ар башка, аларга ишенип эмне кыласынар, ишенбегиле», — дейт Төлбаев.
Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтүүдө.
Бабыржан Төлбаев 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон.