Биз менен байланышыңыз

Туура уктоонун шарттары

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1721 | 0

Орус невропатологу Евгений Соковдун айтымында, уктоонун эң жакшысы — оң каптал менен жатуу. Ошондой эле колу-бутту бир аз бүгүп коюу сунушталат.

«Сол каптал менен жатканда, жүрөк омуртка менен көкүрөктүн ортосундагы чыңалууну жана өпкөнүн басымын сезет», — дейт эксперт.

Ал белгилеп өткөндөй, курсак менен жатуудан алыс болуу керек, анткени мындай учурда адамдын башы капталына кыйшайып калат. Ал мээге кан жеткирген моюндагы артерия тамырларынын буулушун шарттайт. Андан тышкары чалкалап уктоо да жакшы шарт катары каралбайт.

«Адам колу-бутун түз сунуп, чалкалап уктаса, тил таңдайга тартылып, дем алууну кыйындатат», — дейт Соков.

Ошол эле учурда өтө жумшак, жука же бийик жаздыкта уктоо да, жаздыксыз уктоо да туура эмес.

«Жаздыктын моюн, омуртка, бел, көкүрөк жана башты бирдей тегиздикте кармап турганы — эң пайдалуу», — дейт Соков.

Сөзүнүн аягында дарыгер кайсы учур болбосун, 7 сааттан кем уктабоо керектигин белгилейт. «Уктоонун эң жакшы убактысы — кечки саат 10дон таңкы саат 6га чейин», — деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM