Биз менен байланышыңыз

Ден соолукту чыңдоо үчүн күнүнө 10 миң кадам басуу керек

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1899 | 0

Орусиялык кардиолог Лидия Ионованын айтымында, адам денесиндеги бардык системалардын жакшы иштеши үчүн күнүнө жок дегенде 10 миң кадам, бир жумада 70 миң кадам басышы керек.

«Дене басууга, кыймылдоого жана физикалык активдүү болууга ылайыкталган. Демек, күнүнө 10 миң кадам басуу — эң аз физикалык кыймыл», — деди эксперт.

Ионованын айтымында, скандинавиялык сейилдөө (таяк менен басуу) көбүрөөк калория жоготууга мүмкүндүк берет. Мындай сейилдөөнү туура машыктыруу маанилүү.

«Скандинавиялык сейилдөө учурунда таяктардын бийиктиги туура тандалышы керек. Мындай сейилдөө учурунда биз көбүрөөк калорияларды кетиребиз, анткени колдун, белдин, көкүрөктүн булчуңун колдонобуз. Скандинавиялык сейилдөө туура жасалганда пайдалуу болот», — деп түшүндүрдү адис.

Дарыгер ашыкча салмагы бар же бут муундары кыйналган адамдарга чуркоо алар үчүн кооптуу экендигин эскертти. Мындай адамдар үчүн сейилдөө коопсуз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM