Connect with us

Жергиликтүү кеңешти шайлоого катышып, бирок референдумга добуш берүүнү каалабаса эмне кылышы керек?

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1612 | 0

Эгер жаран бүгүнкү жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышып, бирок референдумга добуш берүүнү каалабаса эмне кылышы керек? Мындай суроо менен «Маралга» угарман кайрылган.

Бул суроого БШКнын мурунку мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова төмөнкүдөй жооп берди: «Эгер жаран жергиликтүү шайлоого гана катышып, ал эми референдумга добуш берүүнү каалабаса, анда участокто идентификациядан өткөн соң, бир гана бюллетень берүүсүн өтүнүүсү керек. Тактап айтканда, референдумга катышпайм жана ал үчүн бюллетень албайм деп билдириши керек. Колуна бир гана бюллетенди алышы зарыл. Эгер эки бюллетенди тең алып алса, анда референдумга добуш бербеген чакта да катышты болуп эсептелет жана жалпы референдумга катышкандардын санына автоматтык түрдө кошулат».

Абдрахматова белгилегендей, жаранды добуш берүү участокторундагы комиссия сөзсүз эки бюллетенди ал деп мажбурлаганга укугу жок.

Белгилей кетсек, бүгүн 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Башмыйзамды өзгөртүү боюнча жалпы элдик добуш берүү жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM