Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дагы 208 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 1372 | 0

Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус дагы 208 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 128, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 66, Ысык-Көл облусунда – 8, Нарын облусунда – 2, Ош облусунда – 2 адамдан табылган.

Ошол эле учурда сутка ичинде 105 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 55, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 40, Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 1 адам сакайды.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 адам: Бишкекте — 2, Чүй облусунда — 1 бейтап каза тапты.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 833 бейтап, амбулатордук түрдө 880 адам дарыланууда. 587 бейтаптын абалы «орто оор» деп бааланса, 193 адамдын абалы оор жана 27 бейтап өтө оор абалда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 90 миң 19 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 824 киши айыгып чыкса, 1 миң 519 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM