Биз менен байланышыңыз

19 миңден ашык жаран көчмө урна аркылуу добуш берет

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 1364 | 0

11-апрелде өтө турган шайлоо жана референдумга тыштан добуш берүү үчүн 19 миң 298 адам арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-апрелде маалымдады.

Көчмө урнаны пайдаланууга эң көп Бишкек шаарынан — 4 миң 990 жаран арыз берген. Ошондой эле Ош облусунан 3 миң 811, Чүй облусунан 2 миң 830, Жалал-Абад облусунан 2 миң 691, Ош шаарынан 1 500дөн ашуун жарандан арыз түшкөн.

Мындай ыкма менен добуш берүү укугун саламаттыгына, майыптыгына же карылыгына байланыштуу тилкеге келе албагандар, ооруканада, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абагында жаткандар, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда — жайлоодо жашагандар, нөөмөтчү аскерлер, милиция кызматкерлери, вахта ыкмасы менен иштегендер, үй камагында жаткан жарандар пайдала алат.

Көчмө урна менен добуш берүү шайлоодон бир күн мурун саат 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM