Биз менен байланышыңыз

Бошотулган милиция кызматкерлеринин ордуна жаңы жетекчилер дайындалды

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 6631 | 0

Бүгүн Ички иштер министри бошогон кызмат орундарга жаңы жетекчилерди дайындоо үчүн бир катар буйруктарга кол койду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, полковник Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИББнин начальнигинин милдетин убактылуу аткарууга, полковник Тилек Түкөбаев Бишкек ШИИББнин начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткарууга дайындалды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз РИИБнин начальниги болуп иштеп келген.

Мындан тышкары полковник К. Курманалиев Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматынын начальниги кызматына дайындалды. Ал буга чейин Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары кызматында иштеп келген.

Полковник М. Ниязалиев Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин начальниги кызматына дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальнигинин орун басары кызматында иштеп келген.

Подполковник У. Орозалиев Бишкек ШИИББнин Криминалдык милиция кызматынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле шаардын Биринчи май РИИБнын начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Подполковник Р. Бердибаев Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи май РИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Полковник Ж. Шералиев Бишкек ШИИББнин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле шаардын Биринчи май РИИБнин начальнигинин орун басары, бир эле учурда коомдук коопсуздук кызматынын начальниги кызматына дайындалды.

Милициянын майору Б. Турапова ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM