Биз менен байланышыңыз

Айзаданын өлүмү: ИИМ бир катар милицияларга жаза берди

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 2463 | 0

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштууу ИИМ жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен бир катар жетекчилер ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилип, ага ылайык 9- апрелде ИИМдин буйругу жарык көрдү.

Жогорудагылардын негизинде, Бишкек ШИИББнин начальниги, милициянын полковниги Б. Матмусаев, Бишкек ШИИББнин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын полковниги Э. Атантаев, Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматынын начальниги, милициянын полковниги Н. Утемисов, Биринчи Май РИИБнин начальниги милициянын полковниги А. Казакеев, Биринчи Май РИИБнин начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары, милициянын полковниги И. Базаркулов, Биринчи Май РИИБнин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын полковниги К. Суранчиев, Биринчи Май РИИБнин начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын полковниги А. Өзүбеков, Биринчи Май РИИБнин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын улук лейтенанты Б. Абдиллаев, Биринчи Май РИИБнин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын майору Ж. Тукешов жана Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны У. Арыкбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал эми Бишкек ШИИББнин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын полковниги М. Насировго, Бишкек ШИИББнин КККнын начальнигинин орун басары, ошол эле ыкчам чара көрүү борборунун начальниги, милициянын полковниги М. Буларкиевге, Бишкек ШИИББнын КМКнын начальнигинин орун басары, бөлүмдүн начальниги, милициянын подполковниги У. Орозалиевге, ЖКККоББнын Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын полкунун командиринин орун басары, милициянын капитаны У. Саргашкаевге, Бишкек ШИИББнин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери, милициянын майору С. Байгазиновго,Бишкек ШИИББнин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын капитаны М. Насирдиновго, Бишкек ШИИББнин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын подполковниги М. Карабаевге, Бишкек ШИИББнин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери, милициянын майору М. Турумтаевге, Биринчи Май РИИБнин Тергөө кызматынын начальниги, милициянын капитаны Н. Тургуналиевге, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин КМКнын начальниги, милициянын подполковниги Э. Укубаевге, Биринчи Май РИИБнин КККнын начальнигинин орун басары, нөөмөт бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги Э. Тыналиевге, Биринчи Май РИИБнин Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары, милициянын майору Т. Абдукахаровага, Биринчи Май РИИБнин №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын лейтенанты Н. Емиловго, Биринчи Май РИИБнин КМКнын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын майору М. Бейшеналиевге, Биринчи Май РИИБнин №5 ШМБнын КМКнын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын капитаны Б. Торгоевге, Биринчи Май РИИБнин КМКнын ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын капитаны Т. Саткинбаевге, Биринчи Май РИИБнын КМКнын ыйгарым укуктуу оперкызматкери милициянын лейтенанты Ч.Толомушовге, Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Таалайбек уулу Искендерге, Биринчи Май РИИБнын ТКнын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Сагынбек уулу Нурсултанга, Биринчи Май РИИБнин ТКнын тергөөчүсү, милициянын капитаны А. Каримовго, Биринчи Май РИИБнин №5 ШМБнын начальниги, милициянын майору З. Эргешовго, Биринчи Май РИИБнин ЖЖБнүн начальниги, милициянын капитаны Эдилбек уулу Бактиярга, Биринчи Май РИИБнин ЖӨИнин начальниги, милициянын капитаны М. Адиловго «кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасы жарыяланды.

Ошондой эле Бишкек ШИИББнин КМКнын начальниги, милициянын полковниги У. Айтбаевге, Бишкек ШИИББнин санариптештирилген командалык борбордун начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги А. Исмаиловго, Бишкек ШИИББнин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери, милициянын майору К. Малабаевге, Биринчи Май РИИБнин КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын подполковниги А. Тентиевге, «катуу сөгүш» тартиптик жазасы жарыяланды.

Чүй облусу боюнча: Чүй ОИИББнин КККнын нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын капитаны Ч. Абыкеев,Чүй ОИИББнын КККнын нөөмөт бөлүмүнүн инспектор-нөөмөтчүсү, милициянын подполковниги М. Уметалиевдер ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Чүй ОИИББнин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча орун басары, милициянын полковниги А. Савыралиевге, Чүй ОИИББнин КККнын начальнигинин орун басары, нөөмөт бөлүмдүн начальниги, милициянын полковниги Т. Анарбаевге, Чүй ОИИББнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүмчөсүнүн начальниги, милициянын майору М. Султаналиевге «кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасы жана Чүй ОИИББнин начальнигинин орун басары, ошол эле КККнын начальниги, милициянын полковниги А. Ажыбаевге «катуу сөгүш» тартиптик жазасы жарыяланды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жалпы жонунан 44 кызматкер тартип жазаларына кириптер болду.

Copyright © 2017 Maral FM