Биз менен байланышыңыз

PR-Шайлоо-2021: «Социал-демократтарды» тандоого 5 себеп

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 2051 | 0

«Социал-Демократтар» менен алга!

Урматтуу Бишкек шаарынын шайлоочуларды!

Шайлоонун үгүт иштери аяктап бара жатат. 11-апрелде добуш берүү тилкелерине барып, Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамын шайлайсыңар. Акыркы айдын ичинде биздин талапкерлер шайлоочулар менен 150дөн ашык жолугушууларды өткөрүп, миңдеген адамдардын кайрылууларын укту.

Азыркы күндө биздин башкы душман бул — шайлоочулардын шайлоого пассивдүү катышуусу бойдон калууда. Ошондуктан биз, келечекке кайдыгер карабай, баарыңыздарды жарандык активдүүлүктү көргөзүп, жекшемби күнү шайлоо тилкелерине барып берүүңүздөрдү суранабыз.

Эмнеге Социал-Демократтарга добуш берүү керек? Анткени Бишкекти азыркы каатчылыктан «Социал-Демократтардын» жеңиши гана чыгара алат! Ага беш себеп менен жооп беребиз. Алар:

Биринчи: Биздин тизмеде коррупцияга малынган, булганган бир дагы чиновник жок. Убагында мүмкүнчүлүк берилип, бирок эч нерсе кылбай кеткен «эскилерге» «ЖОК» дейбиз.

Экинчи: Социал-демократтар гана Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо шаарды өнүктүрүүнүн беш жылдык реалдуу жана ишке ашчу программасын даярдады. Анын ичинде таза суу маселесинен тартып, кароосуз калган жаныбарларга чейин маселелер камтылган. Биз жөн гана максаттарды коюп койбостон, аларды ишке ашыруунун механизмдерин да сунуштап жатабыз. Мындан сырткары каржылоо булактарын сунуштадык. Анткени каржылоосуз бир дагы маселе чечилбейт. Биздин программа шаардагы болуп жаткан процесстерди жана мурдагы жетекчилердин кетирген каталарын эске алуу менен терең анализдин натыйжасы менен жазылды.

Үчүнчүсү: Биз башка партиялар бүгүн айтып, эртең унутуп калган популисттик убадаларды берген жокпуз. Эгер сиздерге шайлоодон кийин эле жыргатып жиберчү чоң убадаларды берип жатса алар калп айтып жатышат. А биз болсо реалдуу, турмушка ашчу сунуштарды берип, алар үчүн жооп берүүгө да даярбыз.

Төртүнчү: Биз Бишкек шаардык кеңешке башкалардай болуп бир кишини мэрликке түртүү максатында эмес, шаардыктардын мэрияга жана депутаттарга таасир бере алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү биздин тапшырмабыз.

Бешинчи: Биз жаш, энергиясы ашып турган команданы топтодук. Талапкерлербиздин басымдуу бөлүгү 30-40 жашта. Ар бири өз ишин мыкты билген профессионалдар. Алардын сап башында жаш саясатчы катары калыптанган, билимдүү, принципиалдуу Кадыр Атамбаев бара жатат.

Биз Бишкектин бийлик органдарына жаңы лидерлерди алып келип, өзгөрүүлөрдү алып келебиз!

Урматтуу шаардыктар, эми кеп кезеги сиздерде! Биз, социал-демократтар, Бишкекти тартипке келтиребиз. Бүгүн Бишкек, эртең бүт өлкө!

Макала «Социал-Демократ» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM