Биз менен байланышыңыз

Улуттук паспортторду 10-11-апрелде да алууга болот

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1710 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты тейлөө борборлору, каттоо жана паспортторду берүү бөлүмдөрү демалыш күндөрү да иштей турган болду. Тактап айтканда, алдыдагы шайлоого байланыштуу 10-11 апрелде улуттук паспорт — ID-карталарды берүүнү улантышат.

Кыргызстандын жарандары паспортторун 10-апрелде 09:00дөн 18:00гө чейин, 11-апрелде 09:00дөн 20:00гө чейин ала алышат.

ID-картанын даярдыгы жөнүндө маалыматты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр сайтынан, «Услуги ГРС» мобилдик тиркемеси аркылуу же «119» кыска номерине чалып билсе болот.

Copyright © 2017 Maral FM