Биз менен байланышыңыз

Улуу Британия ханышасынын жубайы Филип каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1724 | 0

Улуу Британия ханышасы Елизавета IIнин жубайы, Эдинбург герцогу Филип каза болду. Бул тууралуу бүгүн Букингем сарайынын сайтына жарыяланды.

Маалыматта: «Улуу урматтуу ханыша өзүнүн сүйүктүү өмүрлүк жарынын каза болгонун өтө кайгыруу менен кабарлады. Ханзаада Филип Виндзор сарайында көз жумду», — деп айтылат.

Ханзаада Филипп Маунтбеттен 1921-жылы 10-июнда Грецияда төрөлгөн. Ал Грециянын королу Георг Iнин небереси жана канзаада Андрейдин уулу. Андрейдин улуу агасы Константин I 1922-жылы тактан баш тартканда, канзаада Филиптин үй-бүлөсү Грециядан куугунтукталган. Ал Улуу Британиянын ханышасы менен коллежде окуп жүргөндө таанышкан. Алар 1947-жылы үйлөнгөн. Экөөнүн ортосунда төрт баласы бар.

Маалыматка ылайык, герцог Филип жакында 100 жашка чыкмак.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM