Биз менен байланышыңыз

Азербайжан Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1469 | 0

Бүгүн, 9-апрелде Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн салттуу достук байланышын өнүктүрүүгө маани берүү керектигин белгилеп, Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга расмий сапар менен келишин күтүп жатканын айтты. Ошондой эле Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Гейдар Алиев атындагы орто мектептин курулушуна кошкон салымына ыраазычылык билдирип, бул иштер Илхам Алиевдин иш сапарына чейин бүткөрүлөрүн маалымдады. Мындан тышкары Бишкек-Баку түз аба каттамын кайра жандантуу маселесин тездетүү сунушун берди.

Элчи Гидаят Оруджев Ильхам Алиевдин саламын Садыр Жапаровго жолдоп, өлкөлөр аралык достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары тереңдерине бекем ишенимин билдирди. Ошондой эле ал Азербайжандан Кыргызстанга жаңы инвестицияларды тартууга даяр экенин маалымдап, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн колдонула элек чоң мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM