Биз менен байланышыңыз

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жылдырылды

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1743 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакынкы келечекте өнүктүрүүнүн жолдору жана ушул демилгенин алкагында пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө сүйлөштү.

Казакбаев Билал Эрдогандын түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы боордоштукту жана биримдикти чыңдоо боюнча жигердүү иштерин жогору баалады.

Билал Эрдоган Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы жана Түркия тарабынан 2022-жылы Изник шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө маалымат берди.

Казакбаев IV ДКОнун уюштуруу комитети I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөргөн Кыргызстандын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуусу зарыл деп белгиледи.

Ошондой эле Казакбаев Оюндардын кыргыз элинин улуттук биримдигине тийгизген оң таасирин белгилөө менен аны башка өлкөлөргө бир жолку өткөрүп берүү практикасынын максатка ылайыктуулугун баса белгиледи.

Көчмөндөр оюндарынын Кыргызстанда ар 4-5 жылда кайтып келүүсүнүн зарылдыгын билдирди.

Буга байланыштуу ТИМ башчысы 2024-жылы V көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүүнү жактады.

Мындан тышкары Билал Эрдоган Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында жыл сайын аталган конфередациянын алкагында көчмөндөр фестивалын өткөрүп турууга даярдыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM