Биз менен байланышыңыз

Египетте 3 миң жыл мурун жоголгон «алтын шаар» табылды (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1738 | 0

Египеттин археологдору Луксор калаасынан алыс эмес жерден 3 миң жыл мурун кум алдында калган «алтын шаарды» табышты. Бул тууралуу археологиялык топтун башчысы, тарыхчы Захи Хавасс жарыялады.

Анын айтымында, бул — Египетте табылган эң чон шаарлардын бири. Аны биздин заманга чейин 1391-1353-жылдары башкарган фараон Аменхотеп III негиздеген.

Шаардын көчөлөрүндө дубалы үч метрге чейин жеткен үйлөр сакталып калган. Археологдор шаардын кайсы учурга таандык экенин шараптын идиштериндеги жазуулардан жана чийки кирпичтердеги Аменхотеп IIIнүн мөөрүнөн улам аныкташкан. Табылгалар арасында тамак-аш сактоочу идиштер жана ар кандай аспаптар да бар. Шаардын түндүгүнөн көрүстөн табылган.

Казуу иштери 2020-жылы сентябрда башталган. Экспедиция Тутанхамондун сөөгү коюлган храмды табууну пландаган. Бир нече аптадан кийин археологдор чийки кирпичтен тургузулган курулуштарды, андан соң шаарды табышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM