Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 10-апрелде өлкөдө күн ачык болот

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1477 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 10-апрелде өлкөдө жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…10, күндүз 23…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус, күндүз 21…23 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM