Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн дарыясына көпүрө салуу иштери башталды

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1588 | 0

Бишкектин Сухэ-Батор көчөсүнүн Саякбай Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында Аламүдүн дарыясына көпүрө салынат. Долбоорго ылайык, Сухэ-Батор көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтүп, жолдун эки тарабына тең туурасы 2,25 метрден болгон тротуар курулат. Учурда көпүрөнүн пайдубалын тургузуу иштери жүрүп жатат.

«Оңдоп-түзөө иштери бүткөндө, айдоочулар Ботаникалык бакчаны айланып өтпөй, Саякбай Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө түз өтө алышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, оңдоп-түздөө иштери «Бишкек шаарындагы көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Кытайдын «Кытай жол жана көпүрө» корпорациясынын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM