Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарында 14 мектеп бир күнгө жабылат

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1639 | 0

Жалал-Абад шаарындагы айрым мектептер бир күнгө жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде Жалал-Абад шаарындагы №3, 4, 5, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 16, 17, 19, 21 мектептер иштебейт.

«Анткени бул мектептер шайлоо тилкеси катары пайдаланылгандыктан, дүйшөмбү күнү дезинфекциялоо иштери жүрөт. Шейшемби күнү кайрадан аталган мектептерде билим берүү улантылат. Ал эми калган билим уялары үзгүлтүксүз түрдө иштей берет», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM