Биз менен байланышыңыз

Баткен облусу ТИКА уюму менен кызматташуу пландарын талкуулады

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1475 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев Түркия мамлекетинин ТИКА фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн программалык координатору Осмон Уста менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат ылайык, жолугушууда тараптар облустун саламаттыкты сактоо, билим берүү, ишкердикти өнүктүрүү, туризм жаатында кызматташуу пландарын талкуулашты. Өзгөчө чек аралаш аймактардын инфраструктурасын чыңдоо жана аймакты санариптештирүү багытында кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Ошондой эле Баткен облусунда ТИКА уюмунун атайын өкүлчүлүгүн ачуу, координациялык кеңеш түзүү маселелери каралып, бул багытта иш алып баруучу адистердин Түркия мамлекетинде тажрыйба алмашуусу макулдашылды.

Белгилей кетсек, ТИКА уюму буга чейин Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 76миң долларга капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM