Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы эң кымбат футболчулар кимдер?

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2021 | 1902 | 0

Кыргыз футбол союзунун коммуникация бөлүмүнүн адиси Адилет Керимбек уулу «Маралга» берген маегинде Кыргызстандагы эң кымбат футболчулардын атын атады.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин — эң кымбат спортчу. Ошондой эле Гүлжигит Алыкулов, Мирлан Мурзаев, Алимардон Шүкүров кымбат оюнчулардын катарында.

Учурда бардык оюнчулардын баалары аныкталып турат. Көбүнчө клубдар өздөрүнүн маалыматын жарыялай беришпейт.

«Футболчуларды башкы машыктыруучу баамдап турат. Ички клубдар менен чет өлкөнүн клубдары өз ара келишим түзүшөт. Биздин футболчулар башка өлкөгө көбүрөөк чыгышса… Анткени күчтүү чемпионаттарда ойногон футболчулардын чеберчилиги, деңгээли өсөт. Европанын чемпионаттары бизге салыштырмалуу бир топ жогору», — дейт Керимбек уулу.

Ал белгилегендей, улуттук курама командада оюнчулар 16-18-23 жаш аралыктар боюнча эл аралык мелдештерге катыша алат. Мыктылар тандалып отуруп, улуттук курама команда түзүлөт. Кыз-келиндер командасы да ушундай таризде.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM