Биз менен байланышыңыз

Кыргыз футболу үч булактан каржыланат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2021 | 1685 | 0

Кыргыз футболу үч булактан каржыланат. Алар: Эл аралык футбол ассоциациясы (FIFA), Азия футбол конфедерациясы (AFC) жана демөөрчүлөр. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун коммуникация бөлүмүнүн адиси Адилет Керимбек уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ар бир футбол клубунун стадиондору, инфрастурктурасы, спорттук базасы дээрлик жокко эсе. Биро ага карабай аракеттерин жумшап келишет.

Футболду өнүктүрүү үчүн стадион, тийишүү инфраструктура керек. Аймактардагы стадиондор каралбай калган. Андыктан каржы керектелет. Маселен, бир чакан стадион курууга 30 млн доллар сарпталат.

Керимбек уулу мындан сырткары жаңы футбол стадиону эл аралык мелдештерди өткөрүү, жергиликтүү спортчуларды машыктыруу жана күйөрмандар үчүн да керек экенин белгилеп өттү.

«Бул багытта Бишкек жана Ош шаарлары үчүн бирден стадион керек. Анткени эл аралык мелдештерди Бишкектен башка шаарларда да өткөрсөк, жакшы болот. AFC колдоо боюнча шарттарды белгилей элек. Стадион салынбай калса, колдоодон баш тартат дегенге болбойт», — дейт Керимбек уулу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM