Биз менен байланышыңыз

Казакстандын президенти Токаев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 1755 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан «Спутник V» вакцинасын алды. Бул тууралуу 6-мартта президенттин басма сөз кызматы кабарлаган.

Акордо маалымдагандай, президент алган орусиялык вакцина Казакстандагы Караганды фармацевтикалык комплексинде чыгарылган. Тактап айтканда, Орусия вакциналарды өндүрүүдө казакстандык фармкомпания менен келишим түзгөн.

Буга чейин Токаев казак өндүрүшүнөн чыккан вакцина менен эмделе турганын айткан болчу. Казакстандын окумуштуулары да вакцина иштеп чыгууга аракет кылып жатканы маалымдалган. Учурда казакстандык вакцина боюнча сыноолор өтүп жатат.

Казакстанда Орусиянын «Спутник V» вакцинасы—Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан каттоодон өткөн. Башка бир да вакцина министрликтин тизмесине киргизиле элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM