Биз менен байланышыңыз

38 жаштагы мугалим Косовонун президенти болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1647 | 0

Дүйнөлүк коомчулук тарабынан толук тааныла элек Косово Республикасынын парламенти 38 жаштагы мугалим  Вьоса Османини өлкөнүн президенти кылып шайлады. Османи бул кызматты ээлеген экинчи аял саясатчы болду.

Euronews’тун маалыматында, Османинин талапкерлигин 120 депутаттын 71и колдогон. Эки оппозициячыл партия жана этникалык сербтердин кызыкчылыгын коргогон партия добуш берүүгө бойкот жарыялаган. Косовонун президентин шайлоо үч жолку аракет менен ишке ашты.

Косовонун биринчи аял президенти Атифете Яхяга болгон. Ал өлкөнү 2011-жылдан 2016-жылга чейин башкарган.

Жаңы бийликке келген Османи өлкөнү укуктук жактан бекемдөөгө убада берген.

Вьоса Османи 2005-жылы АКШнын Питтсбург университетинде укук жаатында магистр даражасын алган. 2015-жылы докторлук диссертациясын жактап, илимдин доктору болгон. Османи Косоводогу Приштина университети жана Рочестер технологиялык институтунда сабак берип келген. Эл аралык жана соода укугу боюнча бир катар макалалардын автору. Албан тилинен сырткары англис, испан, түрк жана серб тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү. Эки кыздын апасы.

Косово 2008-жылы Сербиядан бөлүнүп чыкканын жарыялаган. Бирок расмий Белград азыркы тапка чейин Косовону Сербиянын бир бөлүгү деп эсептейт. Бир катар мамлекеттер да Косовонун эгемендүүлүгүн тааныбай келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM