Биз менен байланышыңыз

Ташкент: Өсүмдүк майы кымбаттап, узун кезек пайда болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1639 | 0

Өзбекстанданы борбору Ташкентте өсүмдүк майынын баасы кымбаттаганына байланыштуу, муниципиалдык жарманкелерде узун кезектер пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Шаар бийлиги өсүмдүк майынын баасын кармоо максатында муниципиалдык дүкөндөрдү ачкан. Анда бир литр күн карама майы 14 000 өзбек сумуна (113 сом) сатылууда. Ал эми базардагы баалар 20 миң сум (162 сом) экени айтылууда.

Шаар тургундарынын айтымында, арзандатылган жарманкеде өсүмдүк майы менен кумшекер гана сатылууда.

Өзбекстанда акыркы эле айларда өсүмдүк майынын баасы 17%га кымбаттаган. Ал эми жалпы азык-түлүккө болгон баа 20-25%га көтөрүлгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM