Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында үгүт иштерин жүргүзүүдө чагымчылык кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Айтылып жаткан жаран шаардын «Таштемир Ажы» борбордук базарына үгүт жүргүзүүдө жалган, чагымчыл маалымат таратып, элдин оюн бурмалоо аракетин жасаган.
Аталган факты бирдиктүү реестрге катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Учурда Баткен облусунун аймагында шайлоо өнөктүгүнүн астында мыйзам бузуу боюнча жалпысынан 3 материал катталып, тергөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.