Биз менен байланышыңыз

Ит баккандардын жоопкерчилиги кайра көтөрүлдү

Коом | 5 Апр 2021 | 1564 | 0

Социалдык тармактарга ээсинин жетегинде бараткан иттин окуучу менен аялга кол салган видеосу тарады. Тасмадан көрүнүп тургандай, ошол тегеректе жүргөн адамдар баланы иттен араң ажыратып калган. Окуя 1-апрель күнү болжол менен саат 19:00дө Бишкек шаарындагы Абдрахманов – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун шаардык милиция маалымдады. Баланын атасы бул боюнча милицияга арыз жазып, иш козголгон.

Кийинчерээк окуучу шаардагы балдар ооруканасына жаткырылганы айтылды. Ит баланын бутун тиштеп алган, бактыга жараша, азыр абалы жакшы экенин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү минстринин басма сөз кызматы билдирди.

«Баланын абалы канааттандырарлык. Ит бутунун ылдый жагын бир нече жеринен тиштеп алган. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатат». 

Бул окуядан улам Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева 4-апрелде жыйын өткөрүп, ага Бишкек шаардык прокуратурасынын, Свердлов райондук милициясынын өкүлдөрү, Санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары менен Ветеринардык коопсуздук боюнча шаардык инспекциянын жетекчисинин орун басары катышты. Анда Бишкектин чок ортосундагы көчөдө орун алган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, азыркы учурда иттин ээси изделип жатканы белгилүү болду.

Шаардык сейил бактардын муниципалдык директору Калича Умуралиеванын айтымында, иттерди парктарда алып чыгуу үчүн атайын мыйзамдар бар, бирок аларды ким карай турганы белгисиз.

«Ит кармагандар эшикке сейилдетип алып чыкканда алар үчүн атайын мыйзамдар бар, ошондуктан эшикке чыкканда тумшуккап кийгизиши керек. Ким ал эрежелерди бузса, айып пул салынат. Бирок практикалык түрдө бизде андай айыптар карала элек. Бизге азыр парктардан «иттерин тумшуккабы жок эле балдар ойноп жаткан жерлерге коё беришүүдө» деген даттануулар көп келүүдө. Бул нормаларды бузгандарга чара колдонуу зарыл. Бирок бул боюнча ким карай турганын мен билбейм. Ушул көйгөйдү милициябы же муниципалдык кызматкерби, айтор кимиси карай турганы белгисиз». 

Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Мирлан Ташиев көп кабаттуу үйлөрдө породалуу иттерди кармоого тыюу сала турган мыйзам иштелип чыгышы зарыл деген ойдо.

«Бул иш боюнча мыйзам иштелип чыгышы азыркы убакта аябай зарыл. Себеби Кыргызстандын шаарларында, айрыкча, Бишкекте ит баккан модага айланып баратат. Мисалы, мен өзүм азыр көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турам. 4 жана 5 жаштагы эки балам бар. Балдарым эшикке кирип, чыкканда, кошунамдын итинен коркуп турушат. Мыйзам иштелип чыгып, көп кабаттуу үйлөрдө породалуу чоң иттерди бакканга тыюу салынбаса, балдарыбыздын укугун коргойбуз деп олтуруп, көп учурда кордоп коюп жатабыз да. Балдар ойноочу жерлерде, парктарда ит жетелеп жүргөнүн көрүп жатабыз. Кечээки шаардын чок ортосунда жайгашкан көчөдө орун алган окуяны балдарга болгон кордук десек болот. Биз, кыргыздар аз эл болгондон кийин иттин укугуна караганда, балдарыбыздын укугун коргошубуз керек деген ойдомун»

Бул факты боюнча Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») менен иш козголду. Баланын канчалык оор жаракат алганы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот.

Бишкек шаардык мэриясы шаардыктарды адамга кол салган ротвейлер тукумундагы иттин ээси туурасында кандай маалымат болсо да бөлүшүүнү суранып, ит кармагандарды эшикке сейилдетип алып чыкканда, тумшуккап кийгизүүнү, ошондой эле кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүп турууну эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM