Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министри депутаттарга даттанды

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1707 | 0

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев депутаттарга департамент кызматкерлеринин айлыгы аз экенин айтып даттанды.

Казакбаев 2020-жылга карата отчетун берип жатып, жаңы иштеп баштаган дипломат 6 миң сом айлык аларын, ал эми атташенин айлыгы 12 миң сом экенин маалымдады.

Анын айтымында, Казакстанда атташе 21 миң, Тажикстанда 28 миң, Азербайжанда 153 миң сом алат. Ал эми Кыргызстандын атайын элчиси 17 миң сом, Казакстандыкы 58 миң, Тажикстандыкы 40 миң, Азербайжандыкы 208 миң сом алат.

Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Исхак Пирматов Казакбаевге жооп берип, премьер-министрге кайрылуу керектигин айтты.

«Биз эмгек акыны көтөрүүгө эки колдоп макулбуз. Бирок мунун бардыгын премьер-министрге айтышыңыз керек. Ал өлкөнүн экономикасын, эмгек акыларды көтөрсүн. Бюджетти бекитүү үчүн алып келсин. Биз колдойбуз», — деди Исхак Пирматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM