Биз менен байланышыңыз

Орусиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1487 | 0

Орусиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Ош шаарында, ал эми 5-апрелде Бишкектеги Башкы консулдуктун жана Орусия элчилигинин катышуусунда келген унду өткөрүп алышкан.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк 5 миң 500 үй-бүлөгө жана өлкөнүн аймактарындагы 78 мектеп окуучусуна максаттуу таратууга багытталган.

Жардам берүү Орусиянын 2020-2021-жылдарга БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасы фондуна 9 млн доллар көлөмүндө ыктыярдуу төгүмдөрүнүн алкагында ишке ашты.

«Орусия Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча мындан башка да эл аралык долбоорлорду каржылоону улантат. Орусиянын финансылык жана техникалык жардамынын аркасында республиканын 700 мектебиндеги 400 миңге жакын окуучу ысык тамак-аш менен камсыз болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM