Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Корея парламентинин төрагасы менен жолукту

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1355 | 0

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келген Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн парламент төрагаларынын жолугушуусу алгач тар курамда өтүп, андан соң делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңири форматта уланды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы байланыштардын жогорку деңгээлде экени белгиленди. Талант Мамытов төрага Пак Бён Сок баштаган парламенттик делегациясынын бул иш сапары эки өлкөнүн мындан аркы алакасын арттырууга зор салым кошот деген ишеничте экенин билдирди.

Ошондой эле Талант Мамытов Жогорку Кеңеште Түштүк Корея менен кызматташуу боюнча депутаттардын достук тобу бар экенин маалымдап, парламенттик алакаларды кеңейтүү багытында ушундай эле достук тобун Кореянын Улуттук жыйынында да уюштуруу менен тармактык комитеттердин жана комиссиялардын байланышы үчүн пайдубал түзүүнү сунуштады.

Муну менен катар маданий-гуманитардык алакалардын жогорку деңгээлде экенин канаттануу менен белгилеген төрага: «Кыргызстанда Кореянын заманбап кинематография жана музыка өндүрүшү кеңири жайылгандыгына байланыштуу корей тилине кызыккандар арбын, айрыкча жаштар көп. Азыркы тапта 350дөн ашуун кыргызстандык студент Кореянын жогорку окуу жайларында билим алышууда», — деди. Ошондой эле Кыргызстандык студенттер үчүн бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Сок жылуу кабыл алгандыгы үчүн Талант Мамытовго ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түштүк Корея элинин ортосунда окшоштуктар арбын экенине токтолду.

«Кыргызстан Борбор Азиядагы эң демократиялашкан өлкө болуп эсептелет. Ачык-айкындыгы менен аймакта өзгөчөлөнүп турат», — деген Пак Бён Сок Корея парламенти Кыргызстан менен байланыштарды чыңдоого өзгөчө маани берерин белгилеп, айтылган маселелердин бардыгы караларын кошумчалады.

Жолугушуу соңунда тараптар пайдалуу маалыматтарды бөлүшкөндүктөрү үчүн бири-бирине ыраазычылык билдиришип, парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгына токтолушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM