Connect with us

Бензиндин баасы 6%га, дизелдик отун 9%га кымбаттайт

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1472 | 0

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 6-9%га көтөрүлүшүн болжолдоодо.

Алардын маалыматы боюнча, «Brent» маркасындагы мунайдын баасы 2021-жылдын 2-апрелине карата дээрлик 65 долларды түздү. Мындан тышкары Орусиянын мунай базарларындагы мунайга болгон баага ылайык, КММнын дүң баасынын көтөрүлгөнү да байкалат.

Аталган ассоциация жергиликтүү май куюучу жайларда акыркы баалардын көтөрүлүшүн шарттаган кошумча фактор сомдун АКШ долларына карата олуттуу девальвациясы болгонун белгиледи. Анткени дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, мунайды кайра иштетүүчү заводдордон мунай сатып алуу эл аралык валюта менен, ал эми Кыргызстандын аймагында сатуу кыргыз сому менен жүргүзүлөт.

«Жогорудагы кырдаалды эске алуу менен апрель айынын аралыгында Кыргызстандын КММ базарларында бензин тобуна 6%, дизель отунга 9%га чейин кымбатташы мүмкүн. Муну менен катар нефтетрейдерлер компаниялары бааларды иретке салуу жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөө саясатын улантат», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM