Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министри ар бир жаранды бирден көчөт отургузууга чакырды

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1418 | 0

Бүгүн, 5-апрелде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын экологиясы жабыркап жатканын белгилеп, шаардыктарга кайрылуу жасады. Ал жарандарды шаардын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жигердүү катышууга үндөдү.

«Тамыры жок бак, тарыхы жок эл болбойт» дегендей, ата-бабаларыбыз байыртадан жаратылыш менен тыгыз байланышып, барктап-сыйлап жашоо турмушун улантып келишкен. Кыргыздын улуу муундары жаштарга жаратылыш аркылуу кайрымдуулукка, боорукерликке, ыймандуулукка өз чөйрөсүндөгү көркөмдүктү сезе билүүгө жана эмгекке тарбиялого үйрөтүп, табиятка аяр мамиле жасоону айтып келген. «Элүү жылда эл, жүз жылда жер жаңы» дегендей, акыркы убактарда дүйнө жүзүндө глобалдык климаттык өзгөрүүлөр болуп, жаратылыш кырсыктарынан экология жабыркап жатат. Мындай учурлар Кыргызстанда дагы кездешүүдө. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги айлана-чөйрөнү жашылдандыруу менен экологияны коргоо максатында бардык кыргызстандыктарды «Бир жарандан бир көчөт» чакырыгы менен республиканын жарандарын жер-жерлерде аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жигердүү катышууга үндөйт», — деп айтылат кайрылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM