Биз менен байланышыңыз

Марипов: Унаанын айнегин караңгылатууга уруксат берилет

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 2421 | 0

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду азайтуу пландалууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов «Facebook» баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бул — азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдардын кымбатташына байланыштуу.

«Мен кодекстерге өзгөртүү киргизүү менен жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду азайтуу боюнча өкмөттүн токтомун иштеп чыгууга тапшырма бердим. Жакынкы арада мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет», — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Марипов буга чейин унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатуу боюнча көп талкуу болуп келгенин айтып, буга уруксат берүү үчүн токтом даярдалып жатканын билдирди.

«Жакын арада токтом долбоору Жогорку Кеңешке сунушталат. Кээ бир өлкөлөрдө бул маселе чечилген. Ошондой эле бюджетке каражат алып келүү жагы каралып жатат», — деди Марипов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM