Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанга мобилдик лаборатория берди

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1433 | 0

Орусия Кыргызстанга экспресс-диагностика үчүн микробиологиялык мобилдик лаборатория берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Орусия Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо кызматы аталган лабораторияны Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине «Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу жөнүндө» келишимдин алкагында акысыз өткөрүп берди.

«Лаборатория инфекцияга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын эпидемияга каршы бригадалар тарабынан колдонууга ылайыкталган», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM